ЖАННАТ
“Мен ал жакта эмне болгондугун айтпай эле коеюнчу… Мен ал күндөрдү эстегим келбейт. Мен үчүн абдан оор… Оор жоготуулар болду…”

Жаннат биз менен сүйлөшүүгө араң макул болду. Үнү-колдору калтырайт. Суу ичип өзүн карманганга аракет кылып жатты.

Биз Жаннат менен «Баркарор хает» көз карандысыз уюмунда таанышканбыз.
“Биз Өзбекстанга кайтканыбызда, башка планетага келгендей болдук. Бейишке келгендей болдук. Канча таанышыбыз согуштан каза болду. Ал жакта өзүң каалагандай эмес ,башка бирөөнүн каалаганындай жашайсың. Жашоо деп да айтуу кыйын. Мен ишенип артынан барган адамды өлтүрүп коюшту.

Кыйнап башка адам менен нике кыйдырып, ошол кишинин зордук-зомбулугуна чыдап жашадым.
Мен негизи оз өлкөмдөн башка эч жакка кетким келчү эмес. Жакын, ишенген адамым менен чогуу болууну эле самагам. Ал мени кыйынчылык башка түшкөндө колдоо көрсөтүп жанымда болгон. Мен бүт дүйнө жүзү боюнча ошого гана керекмин деп ойлочумун. Башка бир дагы жакын адамым жок жалгыз бир байкуш элем.
Мен өз өлкөмө келсем дагы түнкүсүн дагы деле чочуп ойгоно берем. Лагерде күнү-түнү дебей баса калып тинтүү жасашчу. Телефон тапса алып кетип камап коюшат. Бир кызды ошентип телефону менен кармап алып сабап өлтүрүп алышкан. Жылуу төшөктө жатуу, балдарымдын курсагы тойгону мен үчүн чоң бакыт. Ал жакта тамак-аш тартыш, бир нанды бир күндө түгөтүп салбасын деп, аз-аздан үзүп берип, нанды кайтарып жатчумун. Кышында катуу суук шамал, жайкысын жан чыдагыс ысык. Суу жок. Шам жакканга керосин жок. Ал жактагы жашоо менен бул жакты салыштырып болбойт. Ал жакта жашоо эмес, тозок болчу.
Биз бул жакка келгенибизде биринчи кезекте документтерди жасаш керек болду. Коркуп сыртка чыкпай жүрдүм. Чыксам да адамдардан коркуп, бир нерсе керек болсо аялдардан гана сурачумун. Биздге борбордун кызматкерлери жардам берип жатышты. Алар паспортумду, балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк жасатканда чогуу жүрүштү. Бактыбыз бар экен тирүү өз мекенибизге келип алдык. Бизге кээ бир адамдар ишенбейт, бизден шектенип коркуп турганын байкайм. Ошентсе да, келип алганыбызга миң мертебе ыраазымын. Балдарымдын келечеги бар экен.
Келгенибизде баарыбыз оорукчан болчубуз. Лагерде жаткан жерибиз муздак, тамак, суу жетишсиз. Бизди өлтүрүп кетпесе деген коркуу сезими менен жашачубуз. Ушундай шартта бирок чыйрак анан күчтүү болот экенсиң. 
Өзбекстанга келгенден кийин толтура ооруларды айтышты. Кенже баламдын бронхити хроникалык формага өтүп кетиптир. Кызым эс-учун жогото берчү, эпилепсия деп ойлочумун, калтырап эле жатып калчу.

Аллахыма шүгүр, андай эмес экен.
Мен мунун баары өтүп кетсе экен деп ишенчүмүн.
Азыр дарыланып баарыбыздын ден-соолугубуз жакшы.
Башында коңшулар бизди жактырчу эмес. Бизди “террорист” дешчү. Бирок мен же балдарым бирөөнү өлтүргөн жок, өлтүрөйүн деген оюмда да болгон эмес.


Апам менен атам, эжем биздин аман-эсен келгенибизге сүйүнүп, ошолордун колдоосу менен жашап жатабыз. Кээ бир туугандар биз менен катташпай калышты. Бизге деле башында оор болду. Бирок психологдордун жардамы менен биз да көнүп келе жатабыз.
Сирияга чейин мен мектепте иштечүмүн. Келгенден кийин реабилитациядан өтүп, анан ошол ишимди улантууну чечтим. Клубда хореография курсун ачтым. Фонддогулар мага кондитер азыктарын жасаганды үйрөтүштү, керектүү нерселерди сатып беришти.

Мен торт жасаганга заказдарды да алып жатам. Балдарымды бакканга ошол жумушум, ата-энем жардам берип жатышат.
Албетте баарына мен өзүм күнөөлүүмүн. Бирок мындай абалга кабылып калам деп мен такыр ойлочу эмесмин. Менин ордумда башкалар да болуп калышы толук мүмкүн.
Нодир менен таанышканга чейин башка жигитим бар болчу. Жигитиме ата-энеси кыйнап башка кызды алып беришти. Ошондо мен өзүмдү жоготуп, жашоом токтоп калгандай сезилген. Менин тагдырым эмнеге мынча оор деп ойлочумун.
Ушул кезде Нодир менен таанышып калдым. Ал мага жомоктогудай жашоону сүрөттөп берчү.

Жаш, акылым аз экен ошондо. Анын сөзүнө кантип ишендим экен…
Аллахка шүгүр, анын баары артта калды. Азыр балдарым жанымда, баары жакшы...
«Бул сайт Европа Биримдигинин каржылай колдоосу менен даярдалды.
Бул сайтта болгон басылманын мазмуну Internews жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт»

Сайттын контентин сапаттуу көрүү үчүн компьютерден кирүү сунушталат.