РАМАЗ
Элвира мага чоочун телефондон чалып, Сириянын чек арасына өтмөкчү болгондугун билдирди. Кыздар менен жолугушуу үчүн мындан башка жол жок экендигин түшүндүрдү.
Менин атым Рамаз, жашым 48де. Жубайым Элвира экөөбүздүн 3 кыз, 2 уулубуз бар. Бирок аялым азыр кенже уулум, 2 кызым жана неберелерим менен Сирияда “Родж” лагеринде турушат. Алар ал жакка кандай жол менен барып калгандыгын башынан айтып берейин.

Биз Кара-Балта шаарында жашачубуз. Улуу кыздарым Нуриза менен Халира 2013-жылдын аягында хиджаб кийинип намаз окуй башташкан. Биз аялым экөөбүз деле Ислам динин тутабыз, бирок 5 маал намаз окуп, аялым хиджаб кийген эмес. Бирок кыздарыбыздын мындай иш-аракетине каршы болгон жокпуз.
Улуу кызым Нуриза 17 жашта болчу, Халира 16да. Нуриза анда Токмок шаарындагы юридикалык институтта окуп жаткан. 2014-жылы январь айында Египетте Александрия шаарына барып окугусу келээрин айтып калды. Анын айтымында Египетте Ислам университети бар экен. Биз аялым экөөбүз жогорку юридикалык билим алуусун токтотпо деп каршы болдук.

Нуриза менен Халира көп убактыларын телефонду тиктеп эле өткөрүшөт. Мен кээде уктагыла деп телефондорун алып койчумун. Бирок бир да жолу телефондон эмнени көрүп жатышат, ким менен сүйлөшүп, жазышып жатат деп текшерген эмесмин. Чоңоюп калган кыздар болгондуктан, эми жигиттери бардыр деп ойлоп койчумун.
2014-жылдын 14-февралында Халира кызым Нуриза Египетке окууга кетти деп бизге кабарлады.


Мен жүрөгүм жамандыкты сезип дароо шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылдым. Мени Улуттук коопсуздук кызматына кайрыл деп коюшту. Бишкек шаарына Коопсуздук кызматына келдим. Ал жерден чек ара кызматына чалып менин кызым Нуриза Стамбулга самолетко отуруп учуп кеткенин айтышты. Улуттук коопсуздук кызматкерлери мага “сенин жаңы гана 18ге чыккан кызың аскерчилердин курмандыгы болушу мүмкүн, Түркиядан Сирияга алып киргизет. Түркияда бир нече күн болот, ошон үчүн артынан барып токтотуп кала аласыз”, - дешти.

Ошентип 15-февралда мен Стамбулга учуп кеттим. Ал жактан Кыргызстандык консулдугуна барып алардын жардамы менен полицияга жана прокуратурага кайрылдык.
Түркияда бир айдан ашык убакыт болдум. Күнүгө консулдукка барам, алар полицияга чалышат, бирок эч кандай жыйынтык болгон жок. Кызым жөнүндө эч кандай кабар ала албадым. Бир жумадан кийин кызым мага mail.ru - agentтен жазды. Видеозвонок менен чалчы,- деп сурандым. Чалды. Кебетеси корккон адамдыкы, сүйлөп жатканда калтырап жатты. Нуриза, жанында билем бирөө турат, ошону мени менен сүйлөштүр дедим. Ал киши камерага көрүнгөн жок, бирок үнүн угуп жаттым. Ал мени менен текеберсинип сүйлөштү.


“Менин кызымды эмне кылаарыңарды билем. Сирияга киргизейин деп жатасыңар,”- дедим. Ал болсо “Андай болсо келип кызыңды таап ал,” - деп койду. Мен кызымды кое бергилечи деп жалдырап ыйлап жибердим. Ал менин Түркияга келгенимди билип алыптыр. Бирок такыр менин жалдыраганыма көнчүдөй эмес. Видеозвонокту өчүрүп салды. Мен көпкө ыйлап отурдум. Кызыма эч кандай жардам кыла албаганыма өкүндүм. Кызым алданды. Кызым аябай ишенчээк, уялчаак, боорукер. Күнүгө Газиантеп айылына Сирия менен чек арага барып, эртеден кечке кызым келип калабы деп аңдыйм, кайтарам.
Күнүгө, айрыкча кеч киргенде кыздарды көбүрөөк алып өтүшөт экен. Баары паранжа жамынган, кыймылдары тез. Мен ушулардын бирөөсү Нуриза болуп калабы деп басканынан тааныганга аракет кылып жакшылап караганга аракет кылам, башка аргам жок. Байкуш кызым ай...
Эки жумадан кийин мени полиция кармап алды. Мен аларды телефон аркылуу кыргыз консулдугу менен байланыштырдым. Алар менин чек арада эмнеге жүргөнүмдү түшүндүрүп беришкенден кийин кое беришти.

Кийинки күнү Хатай айылындагы башка чек ара пунктуна барып алдым. Ал жакта аңдып бир жумадай жүрдүм. Полиция кармап алды.

Ошол убакта Нуриза мага агенттен Сирияга жеткенин, күйөөгө тийгенин жазып жиберди.
Консул кызматкерлери мага “эми кенже 16 жаштагы кызыңызды кайтарыңыз, ошону да алып кеткенге аракет жасашат”, - дешти. Анткени аскерчилер көбүнчө 16 жаштан 22 жаштагы кыздарды азгырышат экен.

Мен Кыргызстанга келдим. Аялыма бүт айттым. Халира чет өлкөлүк паспортун жасаткан экен. Аны алып алдык. Күйөөгө берели деп жакшы үй-бүлөдөн жигит да таап койдук.
Апрелде жумушум менен Ош шаарына иш сапарга барышым керек болуп кетип калдым. Баратканда жолдон бир нече жолу кызыма телефон чалып сүйлөштүк. Менин жүрөгүм жамандыкты сезип жатты. Коркуп жаттым. Менин кеткенимди күткөн окшойт. Эртеси күнү эле чалсам телефону өчүк. Аялыма чалсам аныкы дагы өчүк.

Мен Оштомун, чалып жатып жинди болуп кетейин дедим. Кызымдын дос кызына чалсам, ал кайда экенин билбейм деп койду. Кечке маал ошол дос кызы чалып эжекесинин артынан кеткендигин кабарлады. Халира аны 3 күндөн кийин айт дептир, ал кечинде айтты. Ошону эртерээк айтпайт беле, мен күндүз чалганда билбейм деп койгон да. Мен азыр ошол дос кызын аябай жаман көрөм, эртерээк айтканда кызымды аэропорттон кармап алмакпыз.

Биз Улуттук коопсуздук кызматкерлери менен чогуу бардык чек ара менен бажы пунктарына Халиранын атын фамилиясын бергенбиз. Өлкөдөн чыгарбашы керек эле.
Халираны алып кетчүлөр муну билип Ош шаары аркылуу аэропорттон учуруп алып кетишиптир. Чет өлкөлүк паспорту бизде болчу. Кыязы башка паспорт жасатып кеткен окшойт. Эртеси күнү Нуриза видеозвонок менен чалып, Халираны биз тосуп алабыз, кабатыр болбогула деди...
Улуттук коопсуздук кызматкерлери Нуризанын “күйөөсү” ким экендигин аныкташты. Ал биздин жаныбыздагы айылда жашаган Нурлан деген бала экен. Нуризадан 3 жаш улуу. Нуриза менен сүйлөшкөндө дайыма жанында турат. Мен кызымды кое берчи деп жалдырайм, көнбөйт. “Мен сенин үй-бүлөңдү, бир туугандарыңды, алар кайда жаашаарын баарын билем”, - десем. “Билгениңди кылып ал”, - деп койду. Камерага көрүнбөйт, үнүн гана угабыз. Менин кызым калтырайт жанында. Аябай коркот күйөөсүнөн. Экрандан бири-бирибизди карап алып ыйлайбыз.
Нуриза менен бир айда эки жолу сүйлөшүп жаттык. Халираны сурайбыз, келе элек дейт. Нуризанын күйөөсү атаң менен сүйлөшпө деп, - тыюу салган. Ошон үчүн акыркы убактарда апасы Эльвира менен сүйлөшөт, мен көрүнбөй жанында отурам. Халира коңшу шаарда экендигин, жакында келээрин айтышты, ошондо аны менен да сүйлөшө алат экенбиз.

Биз аялым Эльвира экөөбүз балдары Сирияга кеткен башка ата-энелерди издеп баштаганбыз. Жалал-Абадда бир аял Сирияга өзү барып кызын алып келиптир. Менин аялымдын 2 айлык боюнда бар болчу, бешинчибиз балабыз. 
Аялым Эльвира Нуризанын күйөөсү менен сүйлөшүп Түркия менен Сириянын чек арасында жолукмак болду. Ошол жерден Нуриза менен Халираны көрсөтүп, сүйлөштүрөм деп тиги убада бериптир. Мен макул болдум, бирок Эльвирага “эмне десе дагы чек арадан Сирияга өтпө”,- деп айттым.

Ошентип 2015-жылдын 25- сентябрында Эльвира Стамбулга учуп кетти.

28-сентябрда Эльвира мага чоочун телефондон чалып, чек арадан Сирияга өтүшү керектигин айтты, болбосо Нуриза менен Халираны көрсөтпөйбүз дептир. Ал мага ошону айтыш үчүн чалыптыр.
Мен аны Сирияга өтүп кетпе, Кыргызстанга кайт, - деп уруштум. Мага Улуттук коопсуздук кызматкерлери аялыңызга ошентип айтыңыз деген. Анткени аны дагы Сирияга киргенге аракет кылышат деп, айтышкан. Аялым мени укпай кыздарын көрүш үчүн чек арадан өтүп кетиптир.

Октябрда ал да мага телефон аркылуу Сирияда Нуризанын жанында экенин айтты. Нуризанын күйөөсү ок тийип каза болгондугун, боюнда 7 айлык баласы бар экендигин билдирди.
Ошентип байланышып бир айда 1-2 жолу сүйлөшүп жаттык. Декабрда видеозвонок менен сүйлөшүп, аялым Эльвира, кыздарым Нуриза менен Халира баары чогуу көрдүм. Халира дагы күйөөгө тийип боюнда 4 айлык баласы бар экен.
Улуу кызым Нуризаны балаы төрөлгөндөн кийин кайра күйөөгө беришиптир. Көп өтпөй Халиранын да күйөөсү согушта каза болду. Нуризанын экинчи күйөөсүнүн аты Тальха экен. Нуриза ал менен жашап уул төрөдү, биринчи күйөөсүнөн кыз төрөгөн. Тальха жакшы жигит экен, аны менен сүйлөшүп “кызымды балдары менен кое бер, согушта сен да өлүп калсаң, аялың, балаң эмне болот, ошолордун тагдырын ойло, - деп сурандым.

Ал макул болду. Нуриза аларды коштоп алып чыкканга бир кишини тапты. Ошентип 2017-жылдын аягы болчу, качып чыкмак. 10 күн алардан дайын жок. 11-күн дегенде балдары менен күрддөрдүн колуна түшкөндүгүн “Родж” деген лагерге алып келгендигин билдирди.
2018-жылдын февралында аялым ошол жакта төрөлгөн уулум, Халиранын 2 уулу менен чогуу качып чыгышты. Аларды дагы күрддөр кармап алып “Аль Холь” деген лагерге алып барышыптыр. Аялым Эльвира Халира болуп күрддөрдөн суранып жатып 1 жыл 1 айдан кийин “Родж” лагерине которулушту. Ал жактан Нуриза баары чогуу болуп калышты.

Чатырларда баш корголоп жатышат. Кыш келди. Суук, кыйынчылыкта жашашат.
Менин уулум Сирияда төрөлдү. Азыр 6 га чыкты. Атын Мусаб коюшуптур. Неберелерим 2 жарым, 3, 4, 5 жаштарда.

Биз Кыргызстандагы ата-энелер бйиликтен Сириядан аялдар менен балдарды алып келип бергиле дуп суранып келе жатабыз. Аялдар менен балдар кантип террорист болсун. Сириядагы аялдар үйлөрүндө төрөп эле отурушат. Эркек кишилер эле курал кармап согушка катышкан. Борбор Азияда башка өлкөлөр өз жарандарын алып келип алышты.
«Бул сайт Европа Биримдигинин каржылай колдоосу менен даярдалды.
Бул сайтта болгон басылманын мазмуну Internews жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт»

Сайттын контентин сапаттуу көрүү үчүн компьютерден кирүү сунушталат.