УЛЬМАС
Мен өзүм ошол жакта болгом, баарын өз көзүм менен көргөм. Чоң киши мен коркуп Аллам оозума келчү, ал жакта калган байкуш кичинекей балдарды аяйм…
Ульмас - өзүнө ишенген, күчтүү, алдыга койгон максаттары бийик, талапты катуу койгон, чакан бизнеси бар ишкер айым болчу.

Кызы Алтынайдын билимдүү болушуна бардык күчүн жумшады.

Кызын өз алдынча болууга, турмушта кор болбой өз ордун таап кетсе экен деп тиленчү.
Алтынай кичинесинен музыка жандуу болгондуктан пианино сабагына барчу. Мектепте мыкты окучу. Үй-бүлө динди катуу карманчу деп айтууга болбойт, бирок каада-салттарды тутчу. Ульмас апа Алтынайга жакшы тарбия берип жатам деп ойлочу.


Болушунча адептүү кылып чоңойтууга аракет жасап, үйдө темирдей тартип, күзгүдөй тазалыкты талап кылаар эле.
“Менин кызым оюмдагыдай чоңойду.

Мен аны жакшы үй-бүлөнүн баласына турмушка узатып, тойдо коноктордун алдында ийилип жүгүнүп жатканында сыймыктанып сүйүнгөнүмөн ыйлап жибергем.
2014-жылы кызым жолдошу, кайненеси болуп Түркияга иштегени кете турган болуп калды.

Мен алардын бул чечимин колдоп жакшы акча таап келсе өз бизнесин ачып турмушун оңдоп алат, деп кыялдандым.

Мен дагы жардам берем дедим, анткени кандай болгон күндө да бул жактан тажрыйбам бар.
Кызым экөөбүз интернет аркылуу жазышып жүрдүк. Бирок жүрөгүм жамандыкты сезип жатты. Мен кызыма улам жазам, ал болсо кээде эле жазат. Жазса, кыска эле жооп берип коет. Күзүндө Алтынай “апа, биз Сирияда жүрөбүз”, - деди. Башма балта менен чапкандай болду.

Интернеттен ал жакта эмне болуп жатканын бүт окуп жаттым. Алтынайдан жашырбай баарын жаз, деп суранам. Коркунучтуу чындыкты жазат… Менде уйку жок.

Ар бир секунда сайын байкуш кызым тирүү болсо экен деп жалынам, алда байкуш кызым ай….
Мен эмне кылаарымды билбей калдым.
Кызымды алып келүү аракетин көрө баштадым. Мыйзам жолу менен аракет кылдым, майнап чыкпады.


Акыры өзүм Сирияга барайын деп чечтим. Кызымды алып келиш керек болду.
Кээде калп айтып, кээде чын айтып, акыры пландаганым орундалды, бирок мени Сирияга эмес, Иракка алып кетип калышты. Кызым Алтынайга жете албадым.

Аябай ыза болуп ыйлайм, кызымдан дагы деле алысмын, ошол эле убакта кызымдын башына түшкөн азап-тозокту өз көзүм менен көрүп, жон-терим менен сездим.
Бул тозокто 5 жыл жашадым.
Мен улутум кыргыз болгонум менен Казакстандын жаранымын.

Казак бийлигине катуу ыраазымын. 2019-жылы Казакстан бийлиги бизди бул тозоктон чыгарып алып кетти. Коркуп, тебеленип, басынып жашаган ошол күндөрдү жашоо деп эсептебейм...
Менин Алтынайым дагы деле ошол жакта.
Анын күйөөсү туткунга түшкөн, тирүүбү, жокпу билбейм, билгим да келбейт.

Ал болбосо менин кызым ошол кор турмушка кабылбайт эле….
Ошол күйөөсү жетелеп барды да кызымды тозок жашоого...
Алтынай Сирияда эки балалуу болгон. Кызы 2 жашында эле суу жетпей чарчап калды. Уулу 5 жашта. Мен аларды көрө элекмин, вотсаптан сүрөтүн эле көрчүмүн.

Мен күнүгө Аллахка жалынам, кызымды баласы менен Кыргызстанга алып келе көр деп.
Ал жакта жашоо курусун.... Жүрөгүм ооруйт… Өлгүчө кызымды көрсөм экен.... Жанымды да бергенге даярмын….
«Бул сайт Европа Биримдигинин каржылай колдоосу менен даярдалды.
Бул сайтта болгон басылманын мазмуну Internews жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт»

Сайттын контентин сапаттуу көрүү үчүн компьютерден кирүү сунушталат.