ЗАМИРА
Ата-энеси каза болгондо Замира 21 жашта болгон. Жогорку билими жок, акчасы жок ар кандай жумуштарда иштеп жүрдү. Кичинекей шаарда жумуш табуу кыйын болду...
Замира бир күнү Үмүт деген кыз менен таанышып калды. Үмүт жаңы курдашына тамак-аш жагынан жардам берип, кээде жумуш да таап берип жүрдү. Замира Үмүткө ишенип сүйүнүчүн, кайгысын да бардык сырын айта берчү. Бир күнү Үмүт Түркияга кетип калды.
Бир нече күндөн кийин Үмүт Замирага телефон чалып, жакшы жумуш тапканын билдирди. “Жумушка кирип, көп акча табасың, күйөөгө тийгенге бул жерде жакшы түрк жигиттер бар”, - деди.

Замирага билет да сатып беришти. Үмүттүн милицядагы таанышы Замирага чет өлкөлүк паспортту тез арада жасаганга жардам берди. Стамбулдан Замираны Үмүт өзү тосуп алды.
Экөө чогуу шаардын сыртындагы бир үйгө барышты. Курдашы Замирага модалуу кийимдерди сатып берди. Ошол күнү “бул жакта климат башка, көнүш үчүн мобу дарыны ичиш керек”, деп колуна таблетка берип ичирип баштады.

Замира бул дарыны ичкенден кийин санааны унутуп, тынчсыздануусу жоголду.
Көңүлү көтөрүлүп, уялчаак кыз жоголуп, шаңдуу, шайыр Замира пайда болду.
Бир күнү Үмүт Замиранын бөлмөсүнө кирип урушуп кирди.
“Мен сага билетиңе, кийим, тамагына 5 миң короттум. Иштеп башта, мага карызыңды төлө!” - деп кыйкырды.

Замира курдашы Үмүттүн мындай мамилесине айраң таң калып тунжурап туруп калды, эч нерсе деп жооп бере алган.
Бөлмөгө Үмүттүн дос балдары кирип Замираны катуу сабап, зордуктап салышты.
Замира аларга каршылык көрсөтө алган жок.
Ошол күндөн баштап Замиранын бөлмөсүнө күнүгө 5-6 эркек кирип каалаганын жасап жатышты. Баягы дарыларды ичкен Замира мас киши сыяктанып жата берчү. Күн сайын Үмүт кирип сүрөткө тартып алып, ошол сүрөттөрдү тааныштарга көрсөтөм, деп коркута берчү. Ошентсе да, Замиранын туугандарына ошол сүрөттөрдү жиберген экен.

3 ай өттү, Замира ушул жашоосуна макул болуп жашап жүрдү. Үйдөн аны чыгарышчу эмес, кайтаруучулар көп болчу. Качса да кайда бармак эле.
Туугандарына барганга уяты чыдабайт.
Бир күнү үйдү кайтаруучулардын бири Мансур Замирага үйлөнүү оюу бар экендигин айтып “Мен сени бул жактан чыгарып кетем.

Өзүбүздүн үйүбүз болот, сен иштебейсиң, биз Аллахтын ырайымы менен жакшы турмушта жасайбыз”, - деп ишендирди
Мансур убадасын аткарды. Экөө сүйлөшүп алып, түн ичинде чыгып кетишти.
5 күн машина менен жүрүп отуруп, бир шаарда үйгө токтошту.

Мансур мурунку кийим-кечелердин баарын ыргытып салды. Замира Стамбулдан качып чыккандан бери башына жоолук, жабык кийимдерди кийип калды. Бул жакта электр энергиясы тез-тез өчүп турду, бир күнү суу да чыкпай калды. Бирок Мансур күнүгө үйгө тамак алып келип Замирага жылуу мамиле жасап жатты. Замира өзүн үйдө бардык жумуштарды жасап Мансур күнү келеби, түнү келеби жылмайып тосуп алчу. Мансур кээде үйгө бир нече күн келбей калчу.

Атүгүл Мансур берген китептерди окуп, дикстерди көрүп, күйөөсү менен чогуу 5 маал намаз да окуп калган. Замира Мансурдун ар бир сөзүнө ишенип, чындап эле бир гана шариат мыйзамдары менен жашаган мусулмандардын өлкөсүнө келдим,- деп ойлочу.
Замира Мансур менен жашаган жерде тээ алыстан атышуу, жарылуу угулуп тураар эле. Бир нече күндөн кийин үн-дабыштар жакындай баштады. Мансур кеткен боюнча дайыны жок.

Бир аптадан кийин Замирага башка киши келип Мансурдун коңшу шаарда ок тийип каза болгондугун билдирди.
Бул күнү Замира кыз төрөдү. Коңшу жашаган аялдар ага төрөгөнгө, андан кийин 2 ай бою тамак-аш жагынан дагы жардам берип жүрүштү. Бир күнү үйгө бир нече киши чогулуп Замираны Мустафа аттуу жигитке никесин кыйып чыгып кетишти. Мустафа улуту өзбек болгону менен Афганистандын жараны болчу. Ал дагы Мансурга окшоп эртең менен эшикке чыгып кетип, ошол бойдон бир нече күн үйгө кайрылчу эмес. Замира башка кыргыз, өзбек, тажик аялдар менен чогуу араб тилин үйрөнүп жүргөн. Согуш алардын шаарына да жетти. Күнүгө атышуудан коркуп эшикке чыккан адам жок. Түн киргенде төшөккө жатып, эртеси таңда тирүү ойгонобу, жокпу эч ким так айта алчу эмес.

Мустафа зөөкүр адам экен. Замираны көп сабачу, атүгүл 2 жаштагы кызын да чаап жиберчү. Үйдө тамак жасаганга эчтеке жок. Мустафа келгенде ысык тамак болбосо Замираны кыйнап топурак жегизчү.

Бир күнү үйгө Мустафа да келбей калды. Ал күнү шаарда катуу атышуу болгон, Мустафа да ошол жерде каза болуптур, андан башка да өлгөндөр көп болду, айрымдары шаардан качып кетишти. Шаарды мамлекеттик бийлик басып алды.
Кийинки күнү аскерчилер аялдар менен балдарды чогултуп шаардан чыгарып кетишти. Баарын чатырлар тигилген лагерге алып келишти.

Замира бул жерде кызы менен 2 айдай жашады. Кичинекей кызы ооруп тынбай ыйлайт. Ошол жерде медпункт, дарылаган аялдар бар болчу. Замира өз мекенине кантип кетем деп ойлонуп жүрдү. Лагерде айрым мамлекеттер өз жарандарын алып кетет экен деген маалыматтар тарай баштады. Наргиза аттуу кыргызстандык кыз менен таанышып ал менен курдаш болуп кетти. Наргиза Сирияга күйөөсүнүн артынан 5 жыл мурда келген экен. Бул жактан эки балалуу болушуптур.

Аялдардын тилеги бир - балдары менен аман-эсен өз өлкөсүнө кайтуу...
Бир күнү Замирага аскерчилер келип котормочу аркылуу өзү тууралуу маалыматтарды, паспортун алып, бир нече документтерге кол коюшу керектигин түшүндүрүштү.

Бир нече күндөн кийин башкалар менен чогуу Замира кичинекей кызы болуп учак менен Өзбекстанга келишти. Траптан түшөөр замат аялдар өз мекенине келгенине сүйүнүп ыйлап, чөгөлөп жерди өөп жатты.

Замиранын да көзүнө жаш айланып, тынчтык жана эркиндикке жеткенине сүйүнүп Аллахка ыраазычыгын билдирип шыбырап жатты. Кичинекей наристеси менен коопсуздукта экенин сезди. Жашоо уланаарына биринчи жолу ишенди, көзү жетти.
Азыр Замира Өзбекстанда чакан шаарлардын биринде жашайт.

Туугандары менен катташпайт, сүйлөшпөйт.
Ал жаңы жашоосуна шүгүрчүлүк кылат.
Кызы бала бакчага барат, өзү жаңы кесипке окуп жаткан кези.
«Бул сайт Европа Биримдигинин каржылай колдоосу менен даярдалды.
Бул сайтта болгон басылманын мазмуну Internews жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт»

Сайттын контентин сапаттуу көрүү үчүн компьютерден кирүү сунушталат.